Ландшафт карталары — табигый аймактык жана антропогендик комплекстердин жайгашуусун жана структурасын чагылдырган карталар. Жалпы илимий (ар кандай рангадагы ландшафттык бирдиктерди камтуучу), баа берүүчү (аймакта чарбаны уюштуруу үчүн ландшафтты баалоочу), прогноздоочу (ландшафттын табигый жана техногендик таасирлерден өзгөрүүсүн көрсөтүүчү) карталар болуп бөлүнөт. Ал эми, байыркы ландшафттардын реконструкцияланган карталары палеоландшафт карталары деп аталат.

Дагы караңыз түзөтүү

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2014. ISBN 978—9967—14-111-7