Ландшафт таанууфизикалык-географиянын табигый-аймактык комплекстерди (геосистемаларды) изилдөөчү тармагы. Ландшафт таануу физика-географиялык жиктөөнүн физика-географиялык райондоштуруунун жана географиялык ландшафттын закондорун окутат. Табигый жана табигый-антропогендик ландшафттар жөнүндөгү илим, физикалык географиянын тармагы. Ландшафт таануу региондук физикалык география тармагы катары тез өнүгүп жаткан жаш илим. Ландшафт таануунун айланасында ландшафттын морфологиясы, геотопология, ландшафт геохимиясы, ландшафт физикасы, колдонмо ландшафт таануу башка бир нече тармактар пайда болду. Ландшафт таанууда дистанциялык (анын ичинде космостук), стационардык, математикалык жана картографиялык ыкмалар колдонулат. Башкы ыкмасы – ландшафтты сүрөткө тартуу. Картография жана математикалык моделдөө да маанилүү Ландшафт таануунун башкы милдети – жаратылышка аяр мамиле жасап, табиятты коргоо. Ландшафт таануунун өнүгүшүнө В. В. Докучаев жана анын шакирттери Л. С. Берг, А. А. Григорьев, С. В. Калесник өңдүү орус илимпоздору зор салым кошкон.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2014. ISBN 978—9967—14-111-7