Лаперeз кысыгы — Сахалин (Россия) менен Хоккайдо (Япония) аралынын аралыгында. Жапон деңизи менен Охота деңизин туташтырат. Узундугу 101 км, эң кууш жери 43 км. Фарватердеги эң тайыз жери 27 м, эң терең жери 118 м. Владивостокту Охота, Беринг деңиздеринин жана Тынч океандын порттору менен байланыштыруучу маанилүү деңиз жолунун бир бөлүгү. Кышында муз каптап жатат. Порту – Вакканай (Япония). Кысыкты ачкан франциялык деңиз саякатчысы Ж. Ф. Лаперуздун ысмынан аталган.

Лаперeз кысыгы.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2014. ISBN 978—9967—14-111-7