Лассаль Фердинанд
Лассаль, Фердинанд (11. 4. 1825 — 31. 8. 1864) — немис жумушчу кыймылынын ишмери, майда буржуазиячыл социалист, лассалчылыкка негиз салуучу.
1843—46-ж. Бреслау жана Берлин университтеринде окуган. Германиядагы рев-яга (1848—49) бир аз катышкан, бирок негизинен бурж. демокр. көз карашты жактаган.
1849—62-ж. К. Маркс жана Ф. Энгельс менен кат алышып турган. Аларга ыктоого аракет кылса да, ил. коммунизм теориясын өздөштүрө албай, 60- жылдардын башына чейин чынында майда буржуазиячыл демократ бойдон кала берген. Жалпы германиялык жумушчу союзун (ЖГЖС) түзүүдө (1863, май) роль ойноп, анын президенттигине шайланган, өз эмгектери менен ал Союздун программасына негиз салган. Немец жумушчуларын бурж. таасирден бошотууда эмгек сиңирсе да, ЖГЖС- тин программасына киргизген догмалары жана жүргүзгөн тактикасы менен ЖГЖСке реформачыл жана сектанттык мүнөз берген.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.