Лас-Весгастагы коркуу жана жийиркенүү

"Лас-Весгастагы коркуу жана жийиркенүү: америкалык кыялдын борборуна карай маданиятсыз саякат" (англ. Fear and Loathing in Las Vegas: A Savage Journey to the Heart of the American Dream) - Ральф Стедман иллюстрациялаган Хантер С. Томпсондун романы. Роман автобиографикалык окуяларды камтыганы үчүн ачкычы бар роман (фр. roman à clef) деп аталат. Китепте, баңгизатка мас болуп, америкалык кыялдын артынан Лас-Вегаска түшкөн башкы каарман Рауль Дүк жана анын жактоочусу Доктор Гонзо экөөнүн саякаты жана алардын 1960-жылдары болгон контрмаданият жүрүүнүн ишке ашпаганына арсар ойдо калганы сүрөттөлөт. Бул чыгарма Томпсондун эң белгилүү китеби, ал баңгизатты эркин колдонуунун сүрөттөлушү жана 1960-жылдардын маданиятын кайрадан жандандыруусу үчүн таанымал. Томпсондун өтө субъективдүү болгон чындык факттардын жана ойлоп тапкан окуялардын аралашы гонзо-журналистика деп аталат. Роман алгач 1971-жылы Rolling Stone журналында эки бөлүктөн турган китеп болуп жарыкка чыккан, ал эми 1972-жылы китеп түрүндө басылган. Кийинчирээк, 1998-жылы роман тасмага адаптацияланып, режиссеру Терри Гиллиам, актерлору Жонни Депп (Рауль Дүк) жана Бенисио Дел Торо (Доктор Гонзо) болгон.

Сюжети түзөтүү

Каармандары түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү