Латыш көркөм театры - академиялык Я. Райнис атындагы - Латвиянын ири драма театрларынын бири.

1920-ж. Ригада уюшулган. Ошол жылы 19-ноябрда Я. Райнистин «Индулис-Ария» пьесасын койгон. Театрды реж. Э. Я. Смильгис өз демилгеси менен уюштуруп, 1964-жылга чейин анын керкем жетекчиси болгон.

Алгачкы күндөн эле театр жаңы жол издеп, натурализмге каршы турган.

Сов. мезгилде театрдын чыгармачылык жаңы этабы башталып, Я. Рай­нис, Ф. Шиллер, У. Шекспир, М. Горь­кий ж. б. драматургдардын романтикалык пафостогу пьесалары коюла баштаган.


Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.