Лауэ ыкмасы – спектри туташ рент-ген нурларынын дифракциясынын жардамы менен кыймылсыз монокристаллды изилдөө ыкмасы.

Лауэ ыкмасы кристалл-дык түзүлүштү рентгендик талдоонун негизги ыкмаларынын бири. 1912-ж. М.Лауэнин сунушу м-н, анын окуучулары В.Фридрих жана П.Книппинг кыймылсыз кристаллга ичке туташ спектрлүү рентген нурларынын шоола-сын багыттап, жалпак фотопластинкада дифракция сүрөттөлүшүн биринчи жолу алышкан.

Рентген түтүгүнөн чыккан “көп түстүү” (полихроматтык) рентген нурунун ичке шооласы монокристаллга түшүп, андан кичине бурч менен дифракцияланган нурларды каттоо үчүн фотопластинка менен дүрмөттөлгөн жалпак кассета монокристаллга түшүүчү шоолага перпендикуляр багытта монокристаллдан кийин жайгаштырылып алынган дифракциялык сүрөттөлүштү лауэграмма деп атайт. Эгерде монокристалл рентген нурлары үчүн тунук эмес болсо, андан чоң бурчка дифракцияланган нурларды каттоо үчүн фотокассета рентген түтүгү менен монокристаллдын арасына түшүүчү шоолага перпендикуляр жайгаштырылып алынган сүрөттөлүштү эпиграмма деп атайт.

Лауэ ыкмасы монокристаллдын мейкиндиктеги багытталышын жана кристаллдын чекиттик симметрия группасын анык-тоодо, монокристаллдын ички чыныгы түзүлүшүн, термикалык иштетүүдөгү кристаллда жүрүүчү процесстерди (ажыроо, эскирүү, кайрадан кристаллдашуу, фазалык өтүү ж. б.) изилдөөдө кеңири колдонулат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү