Лафонтен, Жан де - (фр. La Fontaine) 8. 7. 1621, Шато-Тьерри – 13. 4. 1695, Париж) – француз жазуучу. 1643-жылдан ыр жаза баштаган. Ыр менен жазылган жомоктору менен аңгемелеринде (1–5-т., 1665–85) комедияларында, тамсилдеринде элдин акылмандуулугуна жана фольклорго таянган ойчул, сатирик катары көрүнөт. «Евнух» комедиясы (1654), «Адонис» (1658) поэмасы жана башка чыгармалары бар. Лафонтендин салттарын И. А. Крылов пайдаланган.

Жан де Лафонтен.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2014. ISBN 978—9967—14-111-7