Лашкер кошбеги – Кокон хандыгынын ордосундагы таасирдүү колбашчы жана акимдердин бири.

Кыскача өмүр таржымакалы түзөтүү

Лашкер кошбеги теги б-ча ирандык кулдан чыккан. 19-к-дын 20-жылдарынан тартып Ташкен шаарынын акими болгон.

Л. к. түндүк кыргыздарына Кокон хандыгынын үстөмдүгүн орнотуу үчүн жасалган жортуулдарга жетекчилик кылган.

1825-ж. ал Мадалы хандын буйругу б-ча төрт миң аскерин алып, Чүйдөгү солто ж-а сарыбагыш урууларын басып кирет. Сарыбагыштардын бир бөлүгү Ысык-Көлгө оогон. Ушул жылы Аламүдүн суусунун сол өйүзүнө Пишпек чебин курдурган.

1831-ж. Л. к. кайрадан Ташкенден Чымкент, Олуя-Ата (Жамбыл), Чүй боору аркылуу Ысык-Көлгө чейин жортуул жасап, Ысык-Көлдөгү баш ийбеген бугу уруусунун аскерлерин Иле өрөөнүнө чейин сүрүп барган; Кытайдын Цинь дөөлөтүнүн чек арасына кооптулук түзгөн.

Л. к-нин ж-а ферганалык миң башы Хаккулунун кандуу жортуулдаарынын натыйжасында 1831-жылга карата Кыргызстандын алыскы аймактары да Кокон хандыгына каратылып бүткөн.

Адабият тизмеси түзөтүү

Интернеттеги шилтемелер түзөтүү