«Ла-Ла Ленд» (англ. La La Land) — мюзикл жанрында тартылган тасма. Режиссёру жана сценарийин жазган Дэмьен Шазелл, башкы ролдордо Райан Гослинг (Себастьян) жана Эмма Стоун (Миа). Тасманын мазмуну Лос-Анжелестеги эки жаштын - жаңыдан талпынып жаткан актриса жана музыканттын сүйүүсүн баяндайт.

Ла-Ла Ленд
La La Land

Ла-Ла Ленд (англ. La La Land) тасмасынын логотиби
Жанры

комедия, мюзикл, драма

Режиссёру

Дэмен Шазелл

Продюсери

Фред Бергер
Жордан Хоровиц
Гари Гилберт
Марк Платт

Сценарийдин
автору

Дэмен Шазелл

Башкы ролдордо

Райан Гослинг
Эмма Стоун
Жон Леженд
Розмари Деуитт

Оператору

Линус Сандгрен

Композитору

Жастин Гурвиц

Хореографсы

Мэнди Мур

Кинокомпания

Summit Entertainment
Black Label Media
TIK Films
Impostor Picture
Gilbert Films
Marc Platt Productions

Узактыгы

127 мүнөт

Бюджети

30 млн долл[1]

Кирешеси

443 902 182 долл[2]

Өлкө

 АКШ

Тили

Англисче

Жылы

2016

IMDb

ID 3783958

Шазелл тасманын сценарийин 2010-жылы жазып бүтүргөн, бирок ал кезде бир да студия мюзиклге каражатын бөлгүсү келген эмес, себеби режиссер фильмдин сюжетине өзгөртүүлөрдү киргизүүдөн баш тартып, каршылыгын билдирген. Бирок Шазелл "Оопайлык" фильминен кийин ийгиликке жетеи жана Summit Entertainment киностудиясы картинаны каржылоого макул болот. «Ла-Ла Ленддин» бет ачары 2016-жылдын 31-август күнү 73чү Венеция кинофестивалында болгон, ал эми ошол эле жылдын декабрь айында америкалык прокатка чыккан. Бюджети 30 миллион доллар болсо дагы, дүйнөлүк прокаттан 443 миллион доллар чогулта алган.

"Ла Ла Ленд" тасмасы кино-сынчылардын сынына толуп, 2016-жылдын мыкты тасмаларынын бири деп таанылган. Сынчылар Шазелдин сценарийине жана режиссёрлук ишине, Гослинг жана Стоундун оюнуна, жана Жастин Гурвиц жазган фильмдин обонуна жогорку баа беришкен. Бул тасма 74-чү "Алтын глобус" сынагында бардык 7 номинацияда жеңишке жетип, 70-чи Британия Киноакадемиясынын (BAFTA) сынагында 11 номинациядан бешөөсүндө биринчиликке ээ болгон. Ошондой эле, бул тасма 89-чу "Оскар" сыйлыгын тапшыруу аземинде 14 номинацияга катышып, номинациялар саны боюнча рекордго жетишкен, аны "All About Eve" жана "Титаник" тасмалары менен бөлүшкөн. Бул сынакта аталган тасма "Мыкты режиссура", "Мыкты актриса", "Мыкты операторлук иш", "Мыкты тасма обону", "Мыкты тасма ыры" (City of Stars) жана "Мыкты коюучу-сүрөтчүнүн иши" багыттарында жеңишке жеткен.

Сюжети түзөтүү

Тартылгандар түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү

  1. Peter Bart. 'La La Land' Adds Musical Backbeat To Wide-Open Awards Race (англ.). Deadline (17-ноябрь 2016). Текшерилген күнү 2 -декабрь (бештин айы) 2016. Түп булактан архивделген күнү 21 -июнь (кулжа) 2018.
  2. Box office of 'La La Land' (англ.). Box Office Mojo. Текшерилген күнү 22-апрель 2017. Түп булактан архивделген күнү 3 -июль (теке) 2017.