Легирлөө (нем. legieren – эритүү) – металл куйманы белгилүү физикалык, химиялык же механикалык касиетке келтирүү үчүн курамына легирлөөчү элементтерди (көбүнчө никель, хром, кобальт жана башка) кошуу. Легирлөө байыркы заманда эле колдонулган. Россияда 19-кылымдын 30-жылдары Златоуст заводунда легирленген болотту эритип алуу теориясын жана технологиясын П. П. Аносов иштеп чыккан. Легирлөөдөн өткөн металл куймалары таза металлдан бир кыйла айырмалуу касиеттерге ээ. Легирлөө жолу менен даярдалган куйманын кристаллдык структурасы жана айрым (электрдик, магниттик, жылуулук) касиеттери түрдүү кошулма элементтердин атомдорунун өз ара аракеттенүү тибине жараша болот. Легирлөөчү элементтер кошулганда куйманын кандайдыр бир абалдан экинчисине өтүү температурасы өзгөрөт, катуу эритмелердин ажыроо ылдамдыгы төмөндөйт. Куйманы легирлөө үчүн легирлөөчү жана легирленүүчү элементтер эритилип кошулат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2014. ISBN 978—9967—14-111-7