Ледокол, муз жаргыч – музду жарып сүзүп, башка кемелерге жол ачуучу жана уюлдук деңиздерде сүзүүчү кеме. Ал кубаттуу кыймылдаткычынын, өтө бышык корпусунун жана өзгөчө (атайын жасалган) формасынын натыйжасында музду жарып сүзөт. Ледоколдун корпусу күчөтүлгөн конструкцияда жасалып, муздун каршылыгына (калыңдыгына) туруштук берет. Муз талаасы менен кезиккенде ледоколдун тумшук жагы муздун үстүнө чыгып, өзүнүн салмагы менен музду жарат. Ал дарыяда, көлдө, деңизде жана портто жүрүүчү болуп бөлүнөт. 1864-ж. дүйнөдө биринчи ледокол – орус пароходу «Пайлот» жасалып, кыймылдаткычынын кубаттуулугу 44,2 кВт болгон. Ал эми 1957-ж. «Ленин» атындагы ядролук ледокол сууга түшүрүлгөн. Анын суу сыйымдыгы 16 000 т жана башкы турбинасынын кубаттуулугу 32,4 МВт болуп, күйүүчү отунсуз эле тынымсыз иштөө убактысы 1 жылдан ашат. Жээктерин түндүктөгү деңиздер чулгап турган АКШ, Канада, Россия, Финляндия, Швеция мамлекеттеринин кубаттуу муз жаргыч флоттору бар.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2014. ISBN 978—9967—14-111-7