Лейшманиоз (У. Лейшмандын атынан, лат. Leishmaniasis)— терини, былжырлуу челди же ички органдарды жабыркатуучу жугуштуу оорулар тобу. Ооруну лейшманиялар пайда кылат. Лейшманиоздор оорулуу кишиден, иттен, кемирүүчүлөрдөн, жапайы жаныбарлардан жугат. Аны желимчилер таратат. Тери лейшманиозунда оорулуу кишини же жаныбарды чаккан желимчи соо кишини чакканда лейшмания териге кирип, көбөйөт. Ал жердин тканы бузулуп, некроздуу жара пайда болот. Тери лейшманиоздор айыл жана шаар тибиндеги болуп айырмаланат.

Лейшманиоз

Айыл тибиндеги тери лейшманиозу түзөтүү

Айыл тибиндеги тери лейшманиозунун жашыруун мезгили 1 жумадан 2 айга чейин болот. Оору капысынан катуу башталат. Бет-колдун, буттун терисинде сыздоокко окшогон шишик пайда болот. Биринчи жумада ал жарага айланат. 2—4 айдан кийин жара айыга баштайт. Оору 3—6 ай созулат. Ооруну врач дарылайт.

 
Phlebotomus papatasi түрүндөгү желимчи

Шаар тибиндеги тери лейшманиозу түзөтүү

Шаар тибиндеги тери лейшманиозунда козгогуч киргенден кийин 3 айга (кээде 1 — 2 жыл) чейин оорунун белгилери билинбейт (жашыруун мезгил). Желимчи чаккан жерде (көбүнчө бет, колдо) күрөң түстөгү шишикче пайда болот. Ал улам чоңоёт. 3—6, кээде 10 айдан кийин ал жерде ириңдүү жара пайда болот. 2—3 айдан кийин айыга баштайт. Оору 1 — 2 жылга созулат.

Ички органдарды жабыркаткан лейшманиоз түзөтүү

Ички органдарды жабыркаткан лейшманиоздун (кала-азар) инкубациялык мезгили 20 күндөн 1 жылга чейин же андан ашык болот. Оору акырындап башталат. Оорулуу алсызданып, шалдырайт, эти ысыйт. Териси боз топуракка окшойт же карарат. Ичеги карын, жүрөк, бөйрөк ишинин бузулушу байкалат. Ооруну врач дарылайт.

Алдын алуу түзөтүү

Алдын алууда кемирүүчүлөрдүн ийинин бузуп жоготуу, лейшманиоздор менен ооруган итти жок кылуу, желимчилердин чагып алуусунан сак болуу, лейшманиоздор чыккан жерден келген адамдарды эмдөө керек.

Колдонулган адабият түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8