Лена-Ангара платосу - Иркут областынын түштүгүндө, Ангара м-н Киренга (Ленанын куймасы) д-ларынын аралыгында жайгашкан.

Уз. 600 км, туурасы 380 кмдей. Бийикт. түштүгүндө 1100 м, түндүгүндө 500 м, эң бийик жери 1464 м, үстү тайпак. Кембрий жанa ордовик мезгилинде пайда болгон карбонат-терриген, аки таш тоо тектеринен түзүлгөн.

Капталдарында 200—600 м тереңдиктеги дарыя өрөөндөрү бар. Тайга өсүмдүктөрү (Кызыл карагай, кедр, карагай ж-a мырза карагай) каптап жатат. Кен байлыктары; темир жанa жез рудасы, кайнатма туз, курулуш материалдары.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.