Ленгмюр формуласы - вакуумда эки электроддун (катод менен анод) ортосундагы токтун ошол электроддордун потенциалдарынын айырмасына коз карандылыгын туюнтуучу форму­ла.

Бул формуланы биринчи жолу амер. физик С. Д. Чайлд аныктаган (1911), бирок токтун электроддордун конфигурациясына көз карандылыгын амер. физик И. Ленгмюр (1913) изилдегендиктен анын ысмы менен аталган.


Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.