Ленин району (Бишкек)
Ленин району ― Бишкек шаарынын 4 райондорунун бири, шаардын түштүк-батыш жагында жайгашкан, аянты — 5 873 га, калкынын саны - 201 626 (2009-жылдын маалыматы боюнча) болгон аймак.
Өлкө |
Кыргызстан |
---|---|
Башчысы |
Тагаев Русланбек Таштанбекович |
Тууралыгы | |
Узундук | |
Аймагы
түзөтүүБул район бир нече көчөлөр жана аймактар менен чектешет:
- батышынан: Абаканская көчөсү менен жана Ала-Тоо, Ак-Ордо, Ак-Өргө, Арча-Бешик конуштары менен;
- Орок жана Чоң — Арык айыл өкмөттөрү менен;
- чыгышынан: Чоң — Арык айыл өкмөтүнүн чек аралары менен, Тынчтык проспекти, Манас көчөсү жана Жибек-Жолу проспектисине чейин;
- түндүгүнөн: Жибек-Жолу проспекти, Манас көчөсү, Жаш Гвардия бульвары, Рыскулов көчөсү, андан соң Дэн Сяопин проспекти менен Абаканская көчөсүнө чейинки аянтты ээлейт.
Обьектер
түзөтүүЛенин районунда бардыгы болуп 76 өнөр жай ишканары орун алган:
- тамак-аш — 19;
- жеңил өнөр-жай — 8;
- машина куруу — 3;
- полиграфиялык — 10;
- химиялык — 5;
- жыгачты кайра иштетүү — 4;
- энергетика — 5;
- резина жана пластмассалык буюмдарды иштеп чыгаруу — 7; ж.б.
Жана дагы 1 400төн ашык сатуу жана тейлөө объектилери бар. Ленин районунда чоң ишканалар бар. Алсак:«БМЗ»АК, «БШЗ»МИ, «Кока-кола» ЖАК, «АРПА» АК, «Акун» ЖАК, «Бишкекстройматериалы» АК, «Полибетон» АК, «Кыял» КУБП, «Эльвест» АК, жана Бишкек шаарынын ЭЭАнын ишканалары.
Райондун аймагында 16 дарылоочу мекемеси бар.
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Филармониясы, «Учур» жана «Тунгуч» театрлары сыяктуу маданий имараттар да орун алган.
Ленин районунда АКШнын, Кытай Эл Республикасынын, Казакстандын жана Беларусиянын элчиликтери жайгашкан.
Акимдеринин тизмеси
түзөтүү- Султанов Токтосун Султанович
- Тагаев Русланбек Таштанбекович (15.09.2021—
Интернеттеги шилтемелер
түзөтүү- http://akim.kg/index.php?option=com_content&task=blogcategory&id=25&Itemid=38{{Жеткиликсиз(жеткиликсиз шилтеме) шилтеме|date=August 2021 |bot=InternetArchiveBot |fix-attempted=yes