Гайдай Леонид Иович — (30.1.1923, Амур губернаторлугу, Свободный шаары 19.11.1993, Москва) орус кино режиссёру, СССР эл артисти (1989).

Леонид Гайдай
Леонид Гайдай

Леонид Гайдай 1941-жылы
Төрөлгөндөгү ысымы:

Леонид Иович Гайдай

Туулган датасы:

30 -январь 1923(1923-01-30)

Туулган жери:

Амур губернаторлугу, Свободный шаары, Ыраакы чыгыш облусу, РСФСР, СССР

Өлгөн датасы:

19 -ноябрь 1993(1993-11-19) (70 жаш)

Өлгөн жери:

Москва, Орусия

Жарандыгы:

 ССРС
 Орусия

Кесиби:

актёр, кинорежиссёр, сценарист

Карьерасы:

19561992

Багыты:

комедия

IMDb:

ID 0301145

Өмүр баяны түзөтүү

Иркутск облусу драма театрынын студиясын (1947) жана ВГИКти (1955) бүтүргөндөн «Мосфильмде», коюучурежиссёр. Гайдай негизинен сатиралык кинокомедия жанрында иштеген. 1958-ж. «Тиги дүйнөдөнкелген күйөө» кинопамфлетин, сов. кинематографиянын «Дөбөт Барбос жана өзгөчө кросс» (1961) жана «Самогончулар» (1962) жана башка белгилүү фильмдерин Ю. В. Никулин, Г. М. Вицин, Е. А. Моргуноеду чогуу катыштырып тарткан. Фильмдеринде адаттан тыш. миниатюралар-трюктардын, пантомиманын, пародиялардын элементтерин пайдаланган. «“Ы” операциясы жана Шуриктин жоруктары» (1965), «Кавказ туткуну же Шуриктин кийинки жоруктары» (1967) Краковдогу Дүйнөлүк кинофестивалда сыйлыктарга ээ болгон. «Жакут кол» (1969), «12 орундук» (1971), «Иван Васильевич кесибин өзгөртөт» (1973), «Ширеңке издеп» (1980, СССР Финляндия), «Спортлото-82» (1982) фильмдеринде комедия жанрын өзгөчө изденүү менен уланткан. Гайдайдын белгилүү кинокомедиялары: «Үч жолу тирилген» (1960), «Мүмкүн эмес!» (1975), «Өмүргө коркунучтуу» (1985), «Дерибасовскиде аба ырайы жакшы же Брайтон-бичте дагы эле жаан» (1992, АКШ менен бирге). Гайдай өз фильмдеринин сценарийинин автору же авторлош болгон. РСФСР мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1970). Иркутскидеги Россия киноборборуна ысмы берилген.

Тасмаграфиясы түзөтүү

Жылы Тасмасы
Режиссёр Сценарист Актёр Роль
1955 Ляна
 Y
Алёша
1956 Узак сапар
 Y
1958 Шамал
 Y
Науменко
1958 (орус. Жених с того света) (кыскаметраждуу)
 Y
1960 (орус. Трижды воскресший)
 Y
 Y
~
1961 Сапарда (кыскаметраждуу)
 Y
Толя
1961 Барбос ит жана өзгөчө кросс (кыскаметраждуу)
 Y
 Y
1961 Гонщиктер (кыскамтраждуу)
 Y
 Y
1962 Иштерман адамдар
 Y
 Y
1965 «Ы» операциясы жана Шуриктин башка жоруктары
 Y
 Y
1966 Кавказ туткуну же Шуриктин жаңы жоруктары
 Y
 Y
1968 Бриллиант кол
 Y
 Y
 Y
~
1971 12 үстөл
 Y
 Y
 Y
архивариус Варфоломей Коробейников
1973 Иван Васильевич кесибин өзгөрөт
 Y
 Y
 Y
1975 Мүмкүн эмес!
 Y
 Y
1977 Петербургтан Инкогнито
 Y
 Y
1977 (орус. Риск — благородное дело)
 Y
тасманын съёмкасындагы режиссёр
1980 Ширенке үчүн
 Y
 Y
1982 Спортлото-82
 Y
 Y
1985 Өмүр үчүн коркунучтуу!
 Y
 Y
1989 Жекелик детектив, же «Кооперация» операциясы
 Y
 Y
1992 Дерибасовскийде аба-ырайы жакшы, же Брайтон-Бичте кайрадан жамгыр
 Y
 Y
 Y
казинодогу акылсыз оюнчу

Колдонулган адабияттар түзөтүү