Говоров, Леонид Александрович [10(22). 2. 1897, азыркы Киров обл., Бутыркин с.—19. 3.1955, Москва] — Советтер Союзунун Маршалы (1944), Советтер Союзунун Баатыры (27.1. 1945). 1942- жылдан КПСС мүчөсү.

Леонид Говоров

Дыйкан үй-бүлөсүнөн. 1916- жылдан армияда. 1917-ж. артилл. окуу жайын бүткөн, 1918-ж. октябрда подпоручик чининде Колчактын армиясына мобилизацияланган. 1919-ж. октябрда Томск шаарына барып, ак гвардиячыларга карты көтөрүлүшкө катышат. 1920-ж. январда ыктыяры менен Кызыл Армияга кирет. Жарандык согушта артилл. дивизиондун командири. 1933-ж. Фрунзе атындагы Аскер академиясын, 1938-ж. Генштаб академиясын бүткөн. 1938—39-ж. Дзержинский атындагы артилл. академиянын улук окутуучусу жана доценти. 1941-жылдын 22-июлунан адегенде Батыш багытында, кийин Резерв фронтунда артиллериянын начальниги. 1941-жылдын 18-октябрынан 5-армияга командачы болуп, Москва алдындагы салгылашка катышкан. 1942-жылдын 25-апрелинен Ленинград аскер тобунуя, 1942-жылдын июнунан 1945-жылдын машина чейин Ленинград фронтунун (1945-жылдын февр.- мартында 2-Прибалтика фронтунун да) комапдачысы.

Согуштан кийин Ленинград аскер округунун командачысы, кургактагы аскерлердин башкы инспектору.

1949—54-ж. Аба чабуулунан коргоо (АЧК) аскеринин командачысы жана башкы командачысы. СССР коргоо министринин орун басары.

1952-жылдан КПСС БКнын мүчөлүгүнө кандидат, СССР Жог. Советинин (2—4-шайл.) депутаты. Беш Ленин ордени, «Жеңиш» ордени, 3 Кызыл Туу, башка 4 орден.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.