Иванов Леонид (05.08. 1937-ж. т., Украина, Мелитополь шаары) - спортчу (жеңил атлетика), СССР спортунун чебери (1962), СССР спортунун эмгек сиңирген чебери (1965).

1958-ж. Ленинград дене тарбия техникумун, 1962-ж. КМДТИни бүтүргөн. Ошол эле жылы Мукачева шаарында өткөн кросс боюнча СССРдин биринчилигинде 5000 мге чуркоодон СССРдин чемпиону деген наамга татыктуу болгон боюнча Францияда «Юманите» гезитинин байгесине арналган Чоң мелдеште жеңип СССРде, Европада күчтүү күлүктөрдүн катарына кошулган. «Правда» гезитинин байгесине арналган бүткүлсоюздук чоң мелдештерде 2 жолу алтын медалга (1962,1963), СССР элдеринин 3-спартакиадасында (1963) 10000 мге чуркоодо кыргызстандык спортчулардын ичинен 1-жолу алтын медалга, 5000 м. күмүш медалга татыктуу болгон. СССР - Америка жолдоштук беттешүүлөрүндө бир нече жолу жеңип чыккан (1964-65). Жеңил атлетика боюнча СССРдин биринчилигинде 10000 мге чуркоодо күмүш медаль уткан. Токио шаарындагы 18-Олимпиадалык оюндарда 10000 мге чуркоодо 5-орунду ээлеген (1964). Алыскы аралыктарга (5000, 8000, 12000 м) чуркоодо СССРдин бир нече жолку чемпиону (1962, 1963,1964, 1965). Америкада, Европада, Азияда, Австралия материктеринде өткөн ири турнирлердин жеңүүчүсү.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Макешов Кабыл. Кыргыз Республикасы: Дене тарбия жана спорт энциклопедиясы. Экинчи бас. – Б.: Турар, 2015. – 448 б.ISBN 978-9967-15-445-2