Кучма Леонид Данилович (9. 8. 1938-жылы туулган, Украина, Чернигов облусу, Новгород-Север району, Чайкино кыштагы) — Украина мамлекеттик жана саясий ишмери, Украина президенти (1994—2005); 1960-жылы Днепропетровск мамлекеттик университетин бүткөн. 1960—80-жылдары Днепропетровскидеги «Түштүк» конструкторлор бюросунда инженер, улук инженер, жетектөөчү конструктор, башкы конструктордун орун басары, парткомдун секретары, 1980— 82-жылдары «Түштүк машина жасоочу завод» өндүрүштүк бирикмесинде парткомдун секретары, 1982—86-жылдары башкы конструктордун 1-орун басары, 1986—92-жылдары «Түштүк машина жасоочу завод» өндүрүштүк бирикмесинде башкы директор, 1992—93-жылдары Украинанын премьер-министри, 1993—94-жылдары Украина өндүрүүчүлөр жана ишкерлер союзунун президенти болуп иштеген. Лениндик (1981), Украина мамлекеттик сыйлыгынын (1993) лауреаты. 1-даражадагы Ата мекенге сиңирген эмгеги үчүн» ордени менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү