Собинов Леонид Витальевич (26. 5(7. 6). 1872, Ярославль -14. 10. 1934, Рига, сөөгү Москвага коюлган) - советтик ырчы (лирикалык тенор), республиканын эл артисти (1923).

  • 1894-ж. Москва университетинин укук факультететин, 1897-ж. Москва филармония коомунун Муз. драма окуу жайын бүткөн (А. М. Додонов жана А. А. Сантаган-Горчаковадан таалим алган).
  • 1897-жылдан Чон театрда жана Петербург опера театрларында солист.
  • 1905-ж. Батыш Европада (Миланда, Мадридде ж. б.) гастролдо болгон.
  • 1917-18-ж. Чоң театрдын директору.
  • Собинов орус классикалык вокалдык мектебинин эң көрүнүктүү өкүлдөрүнүн бири.
  • Кайталангыс жагымдуу үнү, артисттик чебердиги, драмалык таланты, сценалык жогорку маданияттуулугу менен айырмаланат.
Леонид Собинов
  • Негизги ролдору: Ленский (П. Чайковский, «Евгений Онегин»), Боян (М. Глинка, «Руслан жана Людмила») ж. б. Саратов консерваториясы жана Ярославль муз. окуу жайы Собиновдун ысмында.

Эмгек Кызыл Туу ордени менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.