Леонид Якубович (орус. Леонид Аркадьевич Якубович) - (төр. 31-июль 1945, Москва, СССР) — Советтик жана Орусиялык теле алып баруучу, актёр, сценарист, жазуучу, продюсер. Орусия Федерациясынын эл артисти (2002)[1].

Леонид Якубович
Леонид Аркадьевич Якубович
Туулган датасы:

31 -июль 1945(1945-07-31) (78 жаш)

Туулган жери:

Москва, РСФСР, СССР

Жарандыгы:

СССР желеги СССР
 Орусия

Кесиби:

Калып:Телеалыпбаруучу, актёр, телепродюсер, сценарист, прозаик

Карьерасы:

1980 — азыркы учурда

IMDb:

ID 0945112

Өмүр баяны түзөтүү

Якубович Леонид Аркадьевич 1945-жылы 31-июлда Москва шаарында туулган. Анын атасы инженер, апасы врач-гинеколог болгон. Өзү дагы телевидениеге эч жакындабаган инженер-куруучунун окуусун бүтүргөн. Студенттик кезинде институттун КВН командасында алдыңкы оюнчулардын бири болуп саналган. 1980-жылдардан тартып сулуулук сынактарын, ири кечелерди, чоң аукциондорду, музыкалык фестивалдарды алып барган. 1991-жылы КМШ өлкөлөрүндө популярдуулугу арткан "Поле чудес" берүүсүнө алып баруучу болуу үчүн тандоо туруна катышып, андан ийгиликтүү өтүп кеткен. Ошондон тарта азыркы убакка чейин аталган берүүнү алып барып келет. Леонид Аркадьевич 2002-жылы Орусия Федерациясынын Эл артисти деген наамына ээ болгон. Ал эми 2004-жылы Орусиянын "Единая Россия" партиясына мүчө болуп кирген. Хоббиси – даамдуу тамактарды жасоо жана маалымдама китептерин чогултуу. Якубович бир гана алып баруучулук менен алектенбестен, бир нече тасмаларга да тартылган. Алардын катарына "Менин кыялымдагы чоң ата", "Маскаропоздорду өлтүрбөйт", "Одессадагы 3 күн" жана башкалар кирет.

Жеке жашоосу түзөтүү

3 жолу үйлөнгөн. Биринчи жубайы Раиса Довженко, экинчиси Галина Антонова. Галина Антонова менен 1973-жылы Артём деген уулдуу болушкан. Үй-бүлөсү менен Кийин аны менен эки ажырым жолго түшкөн соң, Мария аттуу айым менен түтүн булатып баштаган. Учурда экөөнүн ортосунда 1998-жылы туулган Варвара аттуу кызы бар.

Критика түзөтүү

Учурдагы үй-бүлөсү 2001-жылдын 19-августунда унаа айдап баратып Кыргыз жеринен Орусияга иштөө үчүн барган мигрант Сергей Никитенкону сүзүп кеткен. Жыйынтыгында Сергей ошол жерден каза болуп, жол чыракты карабастан жолдон өткөнү үчүн жөө жүргүнчү өзү күнөөлүү деп табылган. Алып баруучу инфаркт менен жабыркагандыктан, ушул кезге чейин аны интернет колдонуучулар менен айрым массалык маалымат каражаттары бир нече ирет "өлтүрүшкөн". Тактап айтканда, "Леонид Якубович инфаркттан каза болду" деген жалган маалыматтар коомчулукту көп ирет дүрбөлөңгө салган. Бул тууралуу шоумен өзү тамаша иретинде пикир калтырган. "Мен ушу менен 3 жолу өлүп, 3 жолу тирилдим. Бирок инфаркттан каза болду деген маалыматты окуп, жок дегенде диагнозумду туура жазышыптыр деп сүйүнүп калдым. Эгер геморройдон каза тааптыр деп жазса өкүнүчтүү болмок", - деген ал.

Шилтемелер түзөтүү

  1. Почётное звание присвоено указом президента № 678 от 01 июля 2002 года. Текшерилген күнү 1 -август (баш оона) 2018. Түп булактан архивделген күнү 5 -май (бугу) 2013.