Лепешинская Ольга Владимировна

Лепешинская Ольга Владимировна (15 (28).9. 1916, Киев – 20. 12. 2008, Москва) – орус совет бийчиси, педагог, СССРдин эл артисти (1951). Москва хореография окуу жайын бүткөн. 1933– 63-ж. Чоң театрдын балет труппасынын артисти. Лепешинская - Лиза (Гертель, «Курулай сактык»), Маша, Аврора (П. Чайковский, «Щелкунчик»; «Уйкудагы сулуу»), Китри (Л. Минкус, «Дон Кихот»), Золушка (С. Прокофьев, «Золушка»), Тао Хоа (Р. Глиэр, «Кызгалдак») жана башка каармандардын партияларын аткарган. Драмалык таланты, өзгөчө темпераменти, виртуоздуу техникасы менен классикалык бийдин таасирдүүлүгүн арттырган. Лепешинская драмалык, ошондой эле комедиялык партияларды да мыкты аткарган: Жанна (Б. Асафьев, «Париж жалыны»), Мирандолина (Василенко, «Мирандолина») Сванильда (Л. Делиб, «Копелия») жана башка Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында атайын бригадалардын катарында майдандагы жоокерлерге концерт берген. 1963-жылдан окутуучу, педагог жана репетитор болуп Италия, Германия, Швеция жана башка өлкөлөрдө иштеген. Бир нече жолу Кыргызстанга гастролго келген. СССР мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1941, 1946, 1947, 1950). Үч орден жана медалдар менен сыйланган. 1991- жылдан Россия хореография ассоциациясынын президенти болуп иштеген.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2014. ISBN 978—9967—14-111-7