Лепрозорий (гр. lepra —проказа) — проказа менн ооругандарды дарылоочу жанa ага каршы чараларды уюштуруучу профилактика мекемеси.

Ал проказа менен ооругандарды эрте таап, аларды таза адамдардан бөлүп, ооруканадан чыккандарды амбулаторияда дарылайт, оорулууга жанашкандарды байкоого алат жанa проказа иммуно-профилактикасын уюштурат.


Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.