Лептоспироздор — көбүнчө боорду, бөйрөктү, майда кан тамырларды жана борбордук нерв системасын жабыркатып катуу кармоочу жугуштуу оорулар. Аны спиралдай буралган микроб — лептоспира козгойт. Ал сууда, нымдуу топуракта узак жашайт. Кургакчылыкка, күндүн нуруна, жогорку температурага, дезинфекциялык каражаттарга туруксуз, тез өлөт.

Лептоспирлер электрондук микроскоптон көрүнүшү

Булагы түзөтүү

Жаратылышта оорунун негизги булагы — кемирүүчүлөр (ар түрдүү чычкандар, келемиштер жана башкалар), кээ бир жапайы айбандар жана үй жаныбарлары (уй, жылкы, кой-эчки, чочко, ит). Ооруган бодо мал узакка чейин заарасы менен лептоспираларды бөлүп чыгарып, айлана-чөйрөнү, ачык сууларды, жайыттарды, саздарды булгайт. Кишиге аны менен булганган сууну ичкенде, сууга түшкөндө, жылаңаяк эгин, күрүч жана башкалар сугарганда, саз, арыктын четинен чөп чаап, көлчүктөрдө кир чайкаганда жугат. Лептоспиралар ооз, мурун, көз, теринин кесилген жери аркылуу организмге кирет, андан канга өтөт, кан менен боор, көк боор, бөйрөккө жетет. Көбүнчө малчылар, зооветеринариялык кызматкер, сугатчы, мергенчи, эт-консерва комбинаттарында, мал союла турган ишканаларда иштеген адамдар ооруйт. Микроб организмге киргенден оорунун белгилери билингенче 5—13 күн өтөт (жашыруун мезгил).

Оорунун жүрүшү түзөтүү

Оору капысынан, катуу башталат. Дененин температурасы 39—40°ка чейин көтөрүлөт, баш катуу ооруйт, көңүлү айнып кусат. Булчуңдары, муундары сыздап ооруйт. Жалпы абалы начарлап жөөлүйт, уйку качат, мурдунан кан кетет. Бети тамылжып, шишимик тартат, көздөрү кызарат. Температурасы 5—7 күндөн кийин төмөндөйт, бирок 1 — 2 күн өткөн соң кайра көтөрүлүүсү мүмкүн. Оор түрүндө жогорку белгилерге сарык кошулат, кан куюлуунун натыйжасында денеде (айрыкча бутта) тактар пайда болот, заарага кан аралашат. Оорунун мындай түрү адамга, малга да коркунучтуу. Лептоспироздордун алдын алууда түрдүү кемирүүчүлөрдү жугушсуздандыруу, саздарды кургатуу талапка ылайык. Лептоспироздор чыккан жердеги көлчүк сууларды ичүүгө, сууга түшүүгө болбойт. Ачык жерден алынган сууну кайнатып пайдалануу, сугатчылар резина өтүк кийүү керек.

Колдонулган адабият түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8

ky:Лептоспироз