Лестер шаарыУлуу Британиядагы ири шаарлардын бири. Англияда. Чыгыш Мидлендде. Лестершир графтыгынын административдик борбору. Унитардык шаар түзүлүш статусуна ээ. Калкы 296,6 миң (2010; конурбациясында 440 миң; көп улуттуу). Ири жол тоому. Эл аралык аэропорту бар.

Лестер.

Шаар 50-ж. рим чеби катары негизделген. Ыйык Николай чиркөөсү (9–13-к.), Лестер сепили комплекси (11–12-к.), кампа дарбазалары (1410-ж. чен), шаардын тарыхый бөлүгүндө Ыйык Мартин собору (12–15-к.), Тринити оорукана комплекси (14-к.), «Ханыша Елизавета» мектеби (1573), неоготика стилиндеги «Саат мунарасы» (1868) жана башкалар сакталган. Шаардын тейлөө чөйрөсүндө калктын 70%и эмгектенет. Китеп басып чыгаруу, дизайн жана жарнама бизнеси өнүккөн. Өнөр жайынын башкы тармактары: машина куруу, электр-техника, тамак-аш. Университеттер (1921), Лестер ислам академиясы (1981), бир нече коллеждер, атайын мектептер, галерея, музейлер, китепканалар бар. Жыл сайын Шаар күнү, комедия фестивалы, Кариб карнавалы, «Дивали» индей майрамы жана спорттук ар кандай мелдештер өткөрүлүп турат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2014. ISBN 978—9967—14-111-7