Летаргия (летаргия уйкусу байыркы-грек тилинен λήθη — «унуткаруу», и ἀργία — «аракетсиздик») — терең уйкудагыдай кыймылсыз, тышкы дүүлүктүргүчтөргө реакция болбой жана тиричилик белгилери кескин төмөндөгөн абал. Ал узакка созулган жугуштуу оорудан начарлаган жана өтө чарчаган адамдарда, ошондой эле истерияда, катуу капаланганда болот.

Летаргия

Клиникалык сүрөтү түзөтүү

Приступ кокусунан кармап, бир нече сааттан бир нече күнгө созулат. Летаргияда аң-сезим сакталып, оорулуу айлана-чөйрөдөгүнү кабыл алат, бирок ага жооп кайтарбайт. Летаргиядан энцефалиттердеги, нарколепоиядагы уйкуну айырмалай билүү керек.
И.П. Павлов академиги Иван Кузьмич Качалкин оорулусун баяндаган. Иван Кузьмич 22 жыл уктаган, 1896 жылдан 1918 жылга чейин. Ал кататоникалык абалда болчу -"тирүү өлүк болуп, кыймыл - аракетсиз жана бир сөзү жок болуп жатты". Аны түтүкчөлөрдүн жардамы менен багууга аргасыз болушкан. Акыркы жылдары ал акырындык менен ар кандай кыймылдарды кыла баштаган, акыры ал эч жардамы жок эле туруп калган. Өзүнүн өткөн оорусу тууралуу мындай деген " айланамда болгондун баарын түшүнүп аттым, бирок булчуңдарда абдан катуу, жеңилгис оордукту сезип, дем алганга да мүмкүнчүлүк болбой кеткен". Ал 1918-жылы сентябрь айында жүрөк жетишсиздигинен каза болгон.

Колдонулган адабият түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8