Ливиялыктар – 1) ливиялык арабдар, Ливиянын негизги калкы. Жалпы саны 4, 7 млн киши, анын ичинде Ливияда 4, 5 млн, Египетте 140 миң (2009). Араб тилинде сүйлөшөт. Динге ишенгендери – мусулман-сүннөттөр. Ливиялыктар бул жерге 7– 11-кылымда келген араб урууларынын жергиликтүү берберлер менен аралашуусунан келип чыккан. Деңиз жээгинде жашагандары дыйканчылык, түштүк жана борбордук аймактагылары (бедуиндер) көчмөн жана жарым көчмөн мал чарбачылыгы менен кесиптенишет. Ливиялыктардын бир бөлүгү нефть өнөр жайында иштешет. Кол өнөрчүлүгү өнүккөн. Улуттук кийими – жалпы араб тибинде; 2) (байыркы египетче – либу) – Түндүк Африканын негизги калкы; 3) Ливиянын азыркы калкы.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2014. ISBN 978—9967—14-111-7