Лигиен
Лигиен (жашырын аты — Минчхон; 29. 5. 1895-ж т., Чхонан шаарына жакынкы Хверенни кыш.) —корей жазуучусу. мамл. жана коомдук ишмер.
Корея эмгек партиясынын мүчөсү. Корей пролетардык искусствосунун федерациясын уюштургандардын бири. Чыгармалары 1924-жылдан жарыялана баштаган.
- Алгачкы чыгармаларында кайгылуу мотивдер басымдуу болгон. «Карапайым калк кыштагы» (1925) деген повестинде, «Тууган эл» (1934) жана «Жаңылык» (1939) романдарында корей элинин турмушун сүрөттөгөн.
- 1945-жылдан кийин Кореяда жүргүзүлгөн жер реформасы жөнүндөгү «Жер» (1—2-бөлүк, 1948—60), япон баскынчыларына каршы күрөштү көрсөткөн үч томдук «Туманган өзөну» (1954—64) романы бар.
- 1950-жылдан Тынчтыктын бүткүл дүйн. советинин мүчөсү. 1946-жылдан Корей совет достук коомунун председатели.
- Эмгек Кызыл Туу ордени (СССР) менен сыйланган.
Колдонулган адабияттар түзөтүү
Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.