Линименттер (суюк дары майлар) — коюу суюктук же дене температурасында эрүүчү килкилдек масса. Суюк дары майлардын составына түрдүү суюктуктар (хлороформ, өсүмдүк майлары жана башка) жана илээшкек заттар (мисалы, ак кайыңдын кара майы) кирет. Линименттер негизинен териге сыйпалат.


Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8