Лимфаденит (лимфа жана гр. adēn – без) – лимфа бездеринин (түйүндөрүнүн) сезгениши. Лимфа аркылуу оору пайда кылуучу микроорганизмдердин, алардын токсиндеринин, ткандын бузулган заттарынын лимфа түйүнүнө киришинен пайда болот. Организмдин абалына жана микробдун оору пайда кылуу активдүүлүгүнө жараша микроб лимфа түйүнүндө өлөт же аны сезгендирип, кээде ириңдетет. Лимфаденит катуу кармаган жана өнөкөт сезгенүүлөрдө, ошондой эле жалпы жугуштуу ооруларда учурайт. Катуу кармаган лимфаденитте жабыркаган без шишип, катуу ооруйт, лимфа түйүнүнө коңшу ткандар сезгенип, айланасында инфильтрат пайда болот. Оорулуунун денеси ысыйт, тамакка табити тартпайт, башы ооруйт. Ириңдеп кеткен лимфаденитти өз убагында хирургиялык операция жасабаса ириң тегерегиндеги ткандарга өтүп, оор кабылдоого – флегмонага алып келиши мүмкүн. Өнөкөт лимфаденит лимфа бездеринин чоңоюп, катууланышы, кыймылынын начарлашы менен мүнөздөлүп, өнөкөт инфекцияларда (туберкулёз, котон жара) учурайт. Дарылоо аны пайда кылган себептерине, сезгенген жерине жараша, антибиотиктер, физиотерапия жана башка колдонулат, керек учурда хирург. операция жасалат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2014. ISBN 978—9967—14-111-7