Лингвистикалык журналдар
Лингвистикалык журналдар — тил илиминин жалпы, жеке, колдонмо маселелери ж-дөгү мезгилдүү басылма. 19-кылымдын орто ченинде пайда болгон.
Россиядагы негизги Лингвистикалык журналдарда (19- кылымдын 2-жарымы—20-кылымдын башы) көбүнчө орус жана славян тил илими, эстеликтерди филол. жактан изилдеген материалдар жарыяланган. Алар — «Известия императорской Академии наук по Отделению русского языка и словесности» (1852—63), «Филологические записки» (1860— 1917), «Русский филологический вестник» (1879—1918), «Известия Отделения русского языка и словесности Академии наук» (1896—1927)..
Колдонулган адабияттар
түзөтүүКыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.