Лингвистикалык статистика
Лингвистикалык статистика, квантитативдик лингвистика — тил илиминдеги жаңы тармак; тилдин жанa речтин сандык закон ченемин изилдейт.
Лингвистикалык статистикада изилденүүчү материал катары текст, б. а. лингв, бирдиктердин (тамга, фонема, тыбыш, соз, сүйлөм ж. б.) тил нормасында иштелип чыгып, иреттелген жыйындысы каралат.
Лингвистикалык статистика изилдөөлөрүндө ыктымалдыктар теориясы, матем. статистиканын аппараты, андагы негизги категориялар колдонулат. Изилдөөнүн мүнөзүнө жанa обьектисине жараша Лингвистикалык статистика өз ара мындай салааларга бөлүнөт: фонологиялык статистикада тыбыш менен фонема, лексикалык статистикада сөз жанa сөз айкалыштары, морфол. статистикада уңгу менен мүчө, о. эле сөз түркүмдөрү изилденет.
Колдонулган адабияттар
түзөтүүКыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.