Линогравюра (лат. linoleum, linum – кендир, oleum – май линолеум жана гравюра) – линолеум же ага окшош полимердик-пластикалык материалга түшүрүлгөн томпок гравюра. Көркөм каражаттары жана техникасы боюнча линогравюра ксилографияга окшош жана басылышында гана андан майда деталдарынын жоктугу менен айырмаланат. Линогравюра 20-кылымдын башында пайда болгон. Линогравюранын өзгөчөлөнгөн сапаттары, башкача айтканда көркөм тилинин таамайлыгы, ак менен каранын ачык контрастта турушу, материалдын сапатына ылайык иштелген ийкемдүү живопистик штрих жана башка сапаттары басма графикасынын көп чеберлеринин көңүлүн бурду. Мисалы, линогравюрага П. Пикассо (Франция), Э. Паккард (АКШ), П. Нильсен (Дания), В. Д. Фалилеев, В. А. Фаворский (Россия) жана башкалар кайрылышкан. Кыргызстанда линогравюрада Л. А. Ильина, А. С. Осташев, Ж. Жумабаев, Ю. Шыгаев, Т. Курманов жана башкалар иштешкен.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: "Кыргыз энциклопедиясы" башкы редакциясы, 2014. ISBN 978—9967—14-111-7