Лира (топ жылдыз)
Лира (Lуra) – Вега жаркырак жылдыздуу Түндүк жарым шардагы топ жылдыз. КМШнын аймагынан жазында, жайында жана күзүндө жакшы көрүнөт.
![](http://upload.wikimedia.org/wikipedia/commons/thumb/f/f3/Lyra_constellation_map_ru_lite.png/250px-Lyra_constellation_map_ru_lite.png)
Жайкы жана күзгү кечте асмандын Түндүк жарым шарында үч бурчтук түрүндө жайгашкан үч жарык жылдыз бөлүнүп турат. Алар: Лиранын Вегасы, Аккуунун Денеби, Бүркүттүн Альтаири.
Лира байыркы грек мифи Орфей менен тыгыз байланышкан. Лира – музыкалык аспап. Орфей Лираны коштоп ырдап жатканда анын уккулуктуу жагымдуу үнүнөн жырткыч айбандар жоошуган, таштар жылган, дарактын бутактары ийилген деп айтылат.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- Астрономия. Энциклопедиялык окуу куралы, 2004, Бишкек
- Башкы редактор: Ү. Асанов. Жооптуу редактор: Э. Мамбетакунов