Лирикалык опера
Лирикалык опера (франц. opera lyrigue - лирикалык опера) - 19-кылымдын экинчи жарымында Францияда пайда болгон опера жанры.
Лирикалык опера жаралышы жөнөкөй кишилердин ой-сезимине, күндөлүк турмушуна болгон кызыгууга, реалдуу жашаган каармандардын кейпин жаратууга болгон аракетке жана романтикалык опера жанрынын кризисине байланыштуу.
Лирикалык операнын музыкалык тили өтө жөнөкөй, ал күндөлүк турмушта пайдаланылган обон-күүлөргө таянат. Лирикалык операнын ыр, романс, бий, марш жанрлары башкы драматургиялык орунду ээлеген. Лирикалык опера үлгүлөрү катары Т. Бизенин «Бермет издөөчүлөр», Ш. Гунонун «Фауст» сыяктуу чыгармаларын көрсөтүүгө болот.
Колдонулган адабияттар
түзөтүүАлагушов, Балбай. Кыргыз музыкасы: Энциклопедиялык окуу куралы / Башкы редактору Үсөн Асанов. – Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. – 400 бет. -ISBN 9967-14-016-X.