Листериоз — адам менен жаныбарлардын листериялар пайда кылуучу катуу кармама жугуштуу оорусу. Кишиге жаныбарлар жугузат. Жаныбарларга өсүмдүктөрдөн, өсүмдүктөргө топурактан жугат, анткени листериялардын биринчи резервуары бул - топурак. Оорунун булагы — кемирүүчүлөр; оору адамга листерия менен булганган тамак-аш, суу, кир кол аркылуу жугат.

Листерия

Оорунун жүрүшү түзөтүү

Козгогуч кан менен ички органдарга жана нерв системага таралып, аларды жабыркатат. Ошондуктан листериоздун ангина, келте, сепсис, менингит, психоз жана башка ооруга окшогон белгилери бар.

Түрлөрү түзөтүү

Оору жеңил, орточо, оор түрдө өтөт. Инкубациялык (жашыруун) мезгили 2 жумага созулат. Жеңил түрүндө тери жабыркайт. Оорунун бул түрү айрыкча малчыларда, зооветеринариялык адистерде кезигет. Анда колдун үстүнө, бүт денеге ириңдеген чыбырчыктар чыгып, узакка айыкпайт. Орточо түрүндө оору көбүнчө өпкөнүн сезгенүүсүндөй болуп өтөт. Оор түрү катуу жана капысынан башталат. Эт ысып, уйку качат, дене салмактанып, булчуңдар ооруйт. Териге кан куюлгандыктан түрдүү тактар пайда болот; моюн, колтук, кулак түбүндөгү бездер чоңоюп, сыздап ооруйт. Боор, көк боор чоңоюп, дене саргаят, кээде ич өтөт. Оорунун оор жана орточо түрүндө нерв системасынын жабыркоосунан менингит, энцефалиттин белгилери (титирөө, калтыроо, шал болуу, психоз) байкалат. Боюнда бар аял өнөкөт түрү менен ооруса листериозду ымыркайга жугузушу мүмкүн. Дарылоону врач жүргүзөт.

Алдын алуу түзөтүү

Листериоздун алдын алууда ветеринария - санитариялык чараларды жүргүзүп, ооруган малды эрте таап, аны жоготуу, оорунун таралышына жол бербөө, санитариялык-агартуу иштерин күчөтүү керек.

Колдонулган адабият түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8