Литвинов чегендири (лат. Rhodiola litwinowii (Boriss.)) - Көп жылдык чөп өсүмдүк. Тамыры жоон, жогору жагынын жоондугу 2 см ге жетет. Тамыр сабагы көп муунактуу, кубаттуу, үстү көп эмес сандагы эски сабактары жана чел кабыктай, үч бурчтуу-жумурткадай жалбырактары менен жабылган. Көп сандаган сабактарынын бийиктиги 10-17 см, тик өйдө өсөт, жалбырактары жыш. Жалбырактары кезектешип жайгашкан, жалпак, узундугу 1-1,5 см, туурасы 0,3-0,5 см, эллипстей, учу тегерек, түбү үч бурчтуктай, жогор жагы теңдеш эмес тишчелүү, төмөн жагы тегиз жээктүү. Топ гүлү жыш жана көп гүлдүү. Гүлдөрү 4-5 санда, эки үйлүү. Гүл саптары гүлүнө тең же андан кыска. Чөйчөкчөлөрү ланцеттей, учу тегерек. Желекчелери ланцеттей, аталыгы желекчелеринен узун, сары томолок келген чаңдагычтуу. Мөмөсүнүн учу узун учтуу.

Биологиялык өзгөчөлүктөрү түзөтүү

Июнң-июлң айларында гүлдөп, июлң-августта мөмө байлайт. Уругу аркылуу көбөйөт. Жалпы жана өлкөдөгү таралуусу. Монголия, Жунгар, Кашгар; Тянңшанда: Кыргыз, Талас, Чаткал, Фергана тоо кыркалары; Памир-Алай: Алай жана Түркстан тоо кыркалары.

Өсүү шарттары түзөтүү

Таш-шагылдуу топурактар, эшилме шагылдар, мөңгүлөрдүн жээктери, бийик тоо алкактарындагы ашуу жерлер.

Саны түзөтүү

Азайып бара жатат.

Чектөөчү факторлор түзөтүү

Чарбачылык иш-аракеттер. Атайын өстүрүү. Маалымат жок. Уюштурулган коргоо аракеттери. Атайын коргоо чаралар иштелип чыккан эмес.

Коргоо үчүн зарыл аракеттер түзөтүү

Түрдүн популяциясынын абалын аныктап, тийиштүү коргоо чараларын уюштуруу.

Статусу түзөтүү

LC. Чарбачылыкта кеңири колдонулган, чачыранды таралган түр.

Колдонулган адабияттар түзөтүү