Литий (лат. Lithium) ― Д. И. Менделеев мезгилдик системасы 2-мезгилинин IА группа элементи, к.н. 3; ат. м. 6,639. Литий 1817-ж. швед химиги А. Арфведсон ачкан. 1855-ж. Р. Бунзен, С. Матиссендер литий хлориди эритмесин электролиздөө ыкмасы менен таза литий алган:

Литий
Литий

2 Li+ + 2Cl- = 2 Li + Cl2

Жер кыртышынын (м. б-ча) 3,2×10-5 % түзөт. Литий грек сөзү «литос» – «таш» дегенди билдирет. Анткени ал паталит, сподумен – [LiAl(SO4)2] жана лепидолит – {[Li2KAl[Si4O10(F, OH)2]} минералдары курмынан табылган. Литий күмүш түстүү, эң жеңил, щелочтуу металлдарга кирет. Туруктуу эки: 6Li жана 7Li изотобу бар. Атомдук радиусу 157 пм; Li+ иондук радиусу 68 пм. Балкып эрүү температурасы 179°С; кайноо температурасы 1317°С. Литий бирикмелерде +1 окистенүү даражасын көрсөтөт. Абада литий кычкылтек жана азот менен аракеттенип литий оксидин жана нитридин пайда кылат. Башка щелочтуу металлдарга караганда суу менен реакцияга жай кирет. Анын гидроксиди күчтүү щелочь. Галогендер менен галогениддер LiГал, күкүрт менен сульфид Li2S, суутек менен гидрид LiH, көмүртек менен карбид берет. Ал эң көп органикалык бирикмелер жана көп куйманын курамына кирет. Анын спектри жалынды кызыл түскө боейт. Ядролук энергетикада чоң мааниге ээ. Литий-6 изотобу нейтрон менен тритийди алууда колдонулат:

6Li + 1n = 3H + 4He

Литий атомдук реактордо ядролук реакциянын жүрүшүн жөнгө салуучу стерженди жасоодо, уран реакторлорунда жылуулук алып жүрүүчү катарында, түстүү жана кара металлургияда, химиялык өнөр жайларда литий органикалык бирикмелерди алууда, ал эми анын бирикмелери силикат өнөр жайда, анын ичинде туздары медицинада кеңири колдонулат. Литий гидриди газ абалындагы суутекти тез алуу үчүн колдонулат.

Булактар

түзөтүү
  • Химия: Энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. - 422 б. ISBN 9967-14-021-6