Литке Фёдор Петрович (17(28). 9. 1797, Санкт-Петербург – 8(20). 8. 1882, ошол эле жер) – орус деңиз саякатчысы, географ, Арктиканы изилдөөчү, адмирал (1829), граф (1866-жылдан), Петербург ИАнын корреспондент мүчөсү (1829), ардактуу мүчөсү (1855) жана президенти (1864). 1813-жылдан флотто болгон. 1817–19-ж. В. М. Головнин жетектеген «Камчатка» кемесинде гидрографиялык экспедицияга катышып, дүйнөнү айланып сүзүп чыккан. 1821–24-ж. Жаңы Жер архипелагынын жээгин, Ак жана Баренц деңиздерин изилдеген экспедицияны башкарган. 1826–29-ж. «Сенявин» кемеси менен дүйнөнү айланган экспедицияны жетектеген; ал Беринг деңизинин жээгин, Камчаткадан Авача колтугуна чейин, Каролина архипелагын (андан 12 аралды ачкан) мүнөздөгөн. Ал экспедициядан кайткандан кийин 1-рангадагы капитан чинин, 1832–48-ж. флигель-адъютанттыкты алган. Орус география коомун уюштуруучулардын бири. 1845–50-ж. анын биринчи вице-жетекчиси, 1857–72-ж. жетекчиси болгон. 1873-ж. Орус география коомунун императору тарабынан Литке атындагы Чоң алтын медаль уюштурулган. 4-даражадагы Ыйык Георгий (1830), Ыйык Владимир (1832), Ыйык Александр Невский (1852; алмаз белги кошо, 1858), Ыйык Андрей Первозванный (1870; алмаз белги кошо) жана башка ордендер менен сыйланган. Анын урматына Жаңы Жер архипелагындагы булуң, тумшук, жарым арал, тоо, Франц-Иосиф Жери жана Норденшельд архипелагдарындагы, Байдаата колтугундагы аралдар, Камчатка ж. а. менен Карагине а-нын ортосундагы кысык аталган. Эмгектери: Плавания вокруг света и по Северному Ледовитому океану. М., 2008.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2014. ISBN 978—9967—14-111-7