Литов тилилитовдордун тили. Негизинен Литов Республикасына тараган. Индевропа тилдеринин балтика тобуна кирет. Литва тили жямайт (төмөнкү литва) жана аукштайт (жогорку литва) деген негизги эки диалектиге бөлүнөт. Литва адабий тили ушул диалектилердин негизинде түзүлгөн. Литва тили славян тилдерине жакын. Анда славян жана герман тилдеринен кирген сөздөр арбын. Жазуусу 16-кылымда латын графикасынын базасында түзүлгөн.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2014. ISBN 978—9967—14-111-7