Литораль (фр. littoral – жээк, лат. littoralis же litoralis – жээктик, жээкке жакын) – ташкындоо учурунда суу жайпап, кайра тартылганда кургактыкка айланган деңиз түбүнүн экологиялык зонасы. Термин 1853-ж. англис окумуштуулары Э. Форбс жана С. Хэнли тарабынан киргизилген. Литораль суунун эң төмөнкү тартылуусу менен эң бийик ташкынынын аралыгынан орун алат. Литоралдын үстүндө супралитораль, астында сублитораль жайгашат. Жазылыгы бир нече мден көптөгөн кмге чейин жетет. Суткасына эки жолу суу каптайт. Литораль флорасы негизинен жашыл, кызыл, күрөң жана көгүш жашыл балырлардан турат. Литораль фаунасы (былпылдак, сөөлжан, моллюска, айрым балык түрлөрү жана башка) мезгил-мезгили менен абада (кургактыкта) жашоого ылайыкташканы менен айырмаланат.

Литораль.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2014. ISBN 978—9967—14-111-7