Литостратиграфия – бөлүккө бөлүү жана корреляция кылуу максатында геологиялык кесилиштердин курамынын литологиялык өзгөчөлүктөрүн изилдеген стратиграфиянын бөлүгү. Литостратиграфия термини 1950-ж. АКШда колдонула баштаган. Немис геологу О. Шиндевольф (1970) литостратиграфияны стратиграфиялык изилдөөлөрдүн баштапкы стадиясына койгон. Литостратиграфия термини биринчи эл аралык стратиграфиялык сөздүктү даярдоодо (1976) стратиграфиянын биостратиграфияга жана хроностратиграфияга карама-каршы келген өзгөчө бөлүмү катары аныкталган. Литостратиграфиялык бөлүнүштө төшөлгөн жана жапкан катмарлар литологиялык белгилер (тек курамы, өңү, катмардуулук мүнөзү, конкреция саны, организмдердин тек пайда кылуучу калдыктары) менен бөлүнгөн чөгүндүлөрдүн кесилиштерин катмарларга жана катмар тобуна бөлөт. Натыйжада чектеш жана бири-биринен алысыраак жайгашкан геологиялык кесилиштер салыштырылат. Мында маркирленген горизонтторду бөлүү жана байкоо өзгөчө мааниге ээ. Литостратиграфиялык түрдүү даражадагы бөлүнүштөргө комплекс, топ, формация (негизги бирдик), пачка, пласт жана башкалар кирет. Литостратиграфиялык бөлүнүштөр талаа изилдөөлөрүндө ажыратылып, геологиялык карта түзүүдө колдонулат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2014. ISBN 978—9967—14-111-7