Литота (гр.— жөнөкөйлүк, токтоолук дегенден) — сүрөттөлүп жаткан көрүнүштүн таасирин арттыруу максатында анын күчүн, көлөмүн, маанисин атайылап кичирейтип сүрөттөгөн көркөм сөз каражаттарынын бир түрү. Литота гиперболага карама-каршы мааниде колдонулат. Эгерде гиперболада сүрөттөлүүчү көрүнүш апыртылып берилсе, литотада, тескерисинче, кичирейтилип көрсөтүлөт (мисалы, «Тырнактай болуп жаралып, Тууган жер консоң оюма. Көрсөтөр элем дүйнөгө, Көтөрүп жүрүп колума». Б. Сарногоев). Акын ата журтун кичирейтип «тырнактай» деп сүрөттөйт да, ага болгон терең сүйүүсүн күчтүү сезим менен берүүгө жетишет.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: "Кыргыз энциклопедиясы" башкы редакциясы, 2014. ISBN 978—9967—14-111-7