Литургия (гр. leitos – бүткүл элдик, коомдук, urgos – иш, милдет) – чыгыш христиан чиркөөсүндөгү негизги сыйынуу салты. Литургия ырдоо жана айтуу үчүн арналган сыйынуу сөздөрүнөн турат. Литургия сөздөрү өз кезегинде өзгөрүлүп туруучу (диний майрамдарга жараша) жана туруктуу кайталануучу болуп экиге бөлүнөт. 18-кылымдын экинчи жарымынан тартып литургия композиторлор тарабынан көп үндүү салтта жазылып, анын чиркөөдө эмес, концерттик эстрадада аткарылуучу үлгүлөрү да жарала баштаган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2014. ISBN 978—9967—14-111-7