Лицей (грек. lykeion) – 1) Афинанын жанындагы Ликей Аппалонго арналган жер. Бул жерде улуу Аристотель шакирттери менен бак аралай сейилдеп жүрүп (Христостун төрөлүшүнө чейин 322-ж. өлгөн) өз философиясын окуткан. Ушундан улам Аристотелдин мектеби перипатетикалык, ал эми шакирттери менен жолун жолдоочулары – перипатетиктер (сейил учурунда ой жоруган философтор) деп аталышкан.

2) Батыш Европадагы орто окуу жайы. Бизде жалпы орто жана кошумча жалпы билим программаларын ишке ашыруучу, жогорку баскычтагы окуучуларды шык жөндөмүнө жараша багытуу, дифференциалдуу жана кесипке ылайыктап окутууну жүзөгө ашырган жалпы орто билим берүүчү мекеме.




Колдонулган адабияттар түзөтүү

Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Кыргыз педагогикасы (энциклопедиялык окуу куралы). - Б.: 2004