Личносттук тесттер – бул түрдөгү тесттер сыналуучунун ар тараптуу өзгөчөлүгүн изилдөөгө, анын активдүүлүгү кайсыга багытталганын билүүгө, мотивациялык чөйрөсүн диагноздоого багытталган.

Сыналуучунун эмоциялык абалын билүүгө арналган тесттер дагы Личносттук тесттерге кирет. Чет элдик тестирлөө системасында личносттук тесттердин бир канчалаган түрлөрү колдонулат, бирок анын жыйынтыгын туура, так интерпретациялоо, инсандын өзү үчүн туура пайдаланууга чоң көңүл бурулат. Личносттук тесттерди уюштурууда өзүн-өзү баалоого ылайыкталган, ситуациялык, суроо-жооптордон турган ж-а проективдүү (маселен, эркин темада сүрөт тартуу) тапшырмалар колдонулат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз педагогикасы:Энциклопедиялык окуу куралы/Башкы ред. Ү. Асанов; Ред. кеңеш И. Бекбоев(төрага) ж.б. - Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. - 340 б. ISBN 9967-14-018-6