Лойцнер Виктор Иванович (1878, Саратов шаарында төрөлгөн – өлгөн жылы белгисиз) – Кыргызстанда марксисттик-лениндик идеяларды таратуучулардын бири. Революциячыл көзкарашы үчүн 1903-жылы 8-июлда Кара-Кол шаарынын жанындагы орус кыштагына сүргүнгө айдалып келип, Кара-Колдун түрмөсүндө отурган. Түрмөдө да падышалык жеке бийликти айыптагандыгы үчүн Олонецк губерниясына сүргүнгө айдалган.

Колдонулган адабият түзөтүү

“Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия” Бишкек 2003.
“Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору”
“И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик Педагогикалык университети”

Интернеттик шилтемелер түзөтүү