Локаут (англ. lock out, сөзмөсөз – кимдир бирөөнү эшикте калтыруу) – эмгектик талаш-тартышка жана иш таштоого, ошондой эле ишканалардын, анын бөлүмдөрү менен өкүлчүлүктөрүнүн жоюлушуна (кайра түзүлүшүнө) байланыштуу жумуш берүүчүнүн демилгеси боюнча иш ордунан бошотуу. Локаут ( англ. lock out – алдынан эшик жабуу) – жумушчуларды массалык түрдө иштен айдоо же ишкананы жабуу; ишкана ээлеринин убактылуу жумушту токтотушу же өндүрүш көлөмүн кыскартышы. Локаут негизинен ишкердин, жумушчулардын иш таштоосуна жана ыгы жок талаптарына ылайык каршы уюштурган чарасы болот. Ал жумушчуларга эмгек акы төлөбөй, кандайдыр бир деңгээлде кысым көрсөтүү үчүн уюштурулат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү