"Лолита" (англ. Lolita) — орус-америкалык жазуучу Владимир Набоковдун 1955-жылы жарык көргөн романы. Романы өзүнүн талаштуу темасы менен белгилүү: башкы каарман жана ишенимсиз баяндамачы, орто жаштагы адабият мугалими Хамберт Хамберт оюнан 12 жаштагы Долорес Хейзди чыгара албай коёт. Ал Долорестин өгөй атасы болуп калгандан кийин аны менен жыныстык катнашка барат. Лолита — бул анын Долорес үчүн колдонгон жеке каймана аты. Романдын түп нускасы англис тилинде жазылып, биринчи 1955-жылы Olympia Press тарабынан Парижде басылып чыгарылган. Кийинчерээк чыгарманы Набоков өзү орус тилине которуп, 1967-жылы Нью-Йоркто Phaedra Publishers тарабынан басылган.

Лолита (1955).

"Лолита" тез эле классикалык макамга жете алган. Бүгүнкү күндө чыгарма эң талаш-тартыш жараткан китептердин арасынан орун алып калган болсо да, 20-кылымдын адабиятындагы эң көрүнүктүү жетишкендиктердин бири деп эсептелет. Роман Стэнли Кубрик тарабынан 1962-жылы, андан соң кайрадан 1997-жылы Адриан Лайн тарабынан тасмага ылайыкташтырылган. Ошондой эле ал бир нече жолу сахнага ылайыкташтырылып, эки операнын, эки балеттин жана ошондой эле алкоого алынган бирок коммерциялык жактан ийгиликсиз болуп калган Бродвей мюзиклинин темасы болгон. Роман элдик маданиятка ушунчалык сиңип кеткендиктен Лолита деген ысым жыныстык жактан жетилген жаш кыз деген маанини туюнтуп калган.

"Лолита" TIME журналынын 1923-жылдан 2005-жылга чейин чыгарылган 100 мыкты англис тилиндеги романдар тизмесине киргизилген. Ошондой эле ал "Заманбап китепкананын" 1998-жылдагы 20-кылымдын 100 мыкты романы төртүнчү катарга жайгашкан, ал эми "Дүйнөлүк китепканада" өз ордун таап, 2002-жылы чыккан тарыхтагы атактуу китептер жыйнагына кирген.

Сюжети түзөтүү

Каармандары түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү